Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Керри Бангладеште террорчулукка каршы сүйлөшүүлөрдү өткөрөт


Жон Керри Бангладеште
Жон Керри Бангладеште

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри бүгүн, 29-августта Бангладештин баш калаасы Даккага келди. Ал өлкөнүн премьер-министри Шейх Хасина менен жакында эле болгон бир катар чабуулдардан кийин “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөш тууралуу сүйлөшөт.

Мамкатчы ошондой эле оппозиция лидерлери жана жарандык активисттер менен жолугат.

Керринин сапарын утурлай Бангладештин полициясы жергиликтүү "Жамаат-ул-Мужехиддин" экстремисттик тобунун эки мүчөсүн жок кылган.

Бангладештен соң Кошмо Штаттардын мамкатчысы Индияга барат.

Акыркы бир жарым жылда Бангладеште жоочулардын зордук-зомбулугу кыйла күчөдү. 1-июлда Бангладештин борбору Дакка шаарында экстремисттер кафеге кол салып, 20 кишини өлтүргөн. Алардын көбү чет элдик жарандар болчу. (EzK)

XS
SM
MD
LG