Орусиядагы ПАРНАС оппозициялык партия келерки шайлоодо өзүнүн кампаниясын Крымда жүргүзбөй турганын айтып чыкты. Ага себеп болуп Украин өкмөтүнүн уруксат бербей койгондугу болду.
"Биз Украинанын чечимине баш ийип, эл аралык мыйзамдарга ылайык иш алып барабыз" деп жазылган партиянын Краснодар бөлүмүнүн Вконтактедеги баракчасында.
Украинанын Тышкы иштер министрлигинин Саясат жүргүзүүжана байланыштар департаментинин жетекчиси Олексей Макеевдин айтымында Киев орусиялык саясий партияларга Украинанын аймагында эч кандай иш-аракеттерди жүргүзүүгө уруксат бере албайт.
Орусиядагы шайлоонун башталышы 18-сентябрга мерчемделген.