Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:10

Мектеп формасына өзгөчө талап болбойт


Мектеп окуучулары
Мектеп окуучулары

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы окуу жылында мектеп формасына өзгөчө талап жок, өткөн жылы 12-августта кабыл алынган өкмөт токтомундагы талаптар өзгөртүүсүз калтырылды. Ага ылайык, ар бир мектеп ата-энелер коомчулугунун макулдугу менен бекиткен форманы кийүүсүн окуучулардан талап кыла алат.

Өткөн жылы өкмөт мектеп окуучуларынын жаңы бирдиктүү формасын эмес, жалпы стандарттагы кийимин бекиткен токтом кабыл алган. Аталган токтом менен өлкөнүн бардык мектептеринде милдеттүү түрдө окшош формага өтүү тууралуу буйрук жокко чыгарылып, ошол элде учурда бирдиктүү мектеп формасы катары жактырылган кочкул кызыл, көк, боз түстүү костюмдарды кийүүгө да уруксат берилген.

Көпчүлүк мектептерде окуучулардан кара түстүү шым, юбка жана ак, көгүш түстүү көйнөк кийүү талап кылынат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG