Таиландда жардыруулардан мерт болгон адамдардын саны төрткө жетти, он чактысы жараат алды. Арасында чет элдиктер да бар экени кабарланууда. Жергиликтүү бийлик мунун баары атайын пландалган чабуул экенин айтууда, бирок исламчыл экстремисттердин тиешеси бар деген версияны четке кагууда.