Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

Көкбөрүчүлөргө спикердин фондунан 300 миң сом бөлүнөт


Кыргызстанда көкбөрү оюнун өркүндөтүү жана улакчылардын эл аралык мелдештердеги катышуусуна тийиштүү даярдыктарды жүргүзүүсү үчүн Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан 300 миң сом бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын атынан катышууга камынган көкбөрүчүлөр командасын кабыл алган учурда спикер Чыныбай Турсунбеков билдирди.

Спортчуларды “Көк-Бөрү” федерциясынын президенти, парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын башчысы Канатбек Исаев баштап келди.

Төраганын басма сөз кызматы кабарлагандай, Исаев Кыргызстандын курама командасына өлкөдөгү ар кайсыл командалардын күчтүү оюнчулары чогулганын, бир айдан бери машыгуулар өтүп жатканын маалымдады.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 3-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтөт. Ага отуздай мамлекеттин спортчулары келет. (SE)

XS
SM
MD
LG