Жалал-Абад шаардык мэриясынын кызматкерлери жалпы жамааты менен 5-августта кан тапшырышты. Муну менен донордук кандын запасын көбөйтүү максатын көздөшкөнүн калаа бийлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин ыктыярдуу донорлук боюнча мэриянын буйругу чыгып, мекеме-ишканалардын кан тапшыруу графиги түзүлгөн. (RsK)