Мамдирекциянын үйү урай баштады
Ошто мүмкүнчүлүгү чектелгендер жашаган көп кабаттуу үйдүн жертөлөсү көчүп түштү. Тургундар бул кырсыктан кийин турак жай толугу менен кулап калбайбы деп кооптонушууда. Анар кичирайонундагы 45 батирлүү үй 2010-жылкы июнь окуясынан кийин Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы тарабынан курулган. Шаардык мэрия болсо жашоочуларды айыптоодо.