Элетке ГЭС тартуулаган киночу
Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун бийик тоолуу аймагындагы Басид кыштагынын жашоочуларына швейцариялык кинематографист Роман Брукс чоң кубаныч тартуулады. Буга чейин электр жарыгысыз жашап келген айылдагы 100 үй-бүлө үчүн ал өз каражатына чакан ГЭС куруп берип, ушул тапта айылдыктар маңдайы жарыла кубанып турган кез. Кичинекей кыштак мындай чоң жаңылыкты чакан той менен, ыр-бийдин коштоосунда түн бир оокумга чейин белгилешти.