23-июлда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Тоолорго кар түшүп, айрым райондордо жаан-чачын катуу болот. Күндүз кээ бир аймактарда гана жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 23 метрге чейин жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +27...+32,
Талас жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +25...+30,
Баткен облусунда түнкүсүн +11...+16, күндүз +29..+34,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +30...+35,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +10...+15, күндүз +19...+24,
Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +20...+25.
Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт Күндүз жаан-чачын ыктымалдыгы аз. Түнкүсүн +17…+19, күндүз +29…+31 градус болот.