Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Италия Азербайжанды Европарламентке пара берген деп айыптоодо


Италия полициясы Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясындагы (ПАСЕ) Европа элдик партиясынын ардактуу президенти Луки Джузеппе Волонтеге байланыштуу ишти иликтөөдө.

Италиялык басылмалардын жазышынча, ал өлкөнүн Европа Кеңешиндеги өкүлү кезинде Азербайжан өкмөтүнөн 2,4 млн еврого жакын пара алууну уюштурган деп шектелүүдө.

Акчалар ПАСЕ Азербайжандагы саясий туткундагылар тууралуу баяндаманы четке кагыш үчүн берилгени айтылат.

2013-жылдын январында Европа Кеңеши Азербайжан боюнча резолюцияга каршы добуш берген. Анда саясий айып менен абакта жаткан 85 адамдын ал-абалы сүрөттөлгөн. Каршы болгондор айыптоо чындыкка жатпайт деген жүйөнү айтышкан.

Пара берүүдө ПАСЕдеги азербайжандык делегация өкүлдөрү Эльхан Сулейманов менен Муслум Маммадов да катышканы да айтылууда. Полиция акчаны Европарламенттеги Европа элдик партиясы алган деп шектеп, бирок аттарын атаган жок. Аталган партия курамында 73 коллективдик мүчө бар.

Азербайжан бийлиги азырынча италиялыктардын айыптоосуна жооп кайтара элек.

XS
SM
MD
LG