Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Өрт коопсуздугу чеке жылытпайт


Өрт коопсуздугу чеке жылытпайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00

23-июнь күнү жаңы курулган 12 кабаттуу турак үйдүн чатырынын өрттөлүшү коопсуздукка байланышкан бир топ маселени көтөрдү. Адистердин айтымында, Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн көпчүлүгүндө өрт коопсуздугу сакталбайт. Ал эми өлкөдөгү өрт өчүрүү кызматындагы техниканын эскилиги жетти. Бүгүнкү өрт өчүрүү кызматында он беш кабаттан өткөн үйлөрдөгү тилсиз жоо менен күрөшүүгө техника жок. 23-июндагы өрттөн үстүнкү кабатты жараксыз абалга келген турак жайды “Борсан Констракшн” курулуш компаниясы салган. Курулуш иштери былтыр бүткөрүлүп, батирлер кардарлардын өздөрүнө жасалгалоо, оңдоп-түзөөгө берилген. Бирок турак жай мамлекеттик кабыл алуусунан өтө элек. Компаниянын жетекчиси Нурлан Ажиев жашоочулардын кеткен чыгымы төлөнүп берилерин билдирди.

XS
SM
MD
LG