Өткөн айда кырсыкка учураган учактын сыныктары бир нече жерден табылганын Египеттин бийлиги 15-июнда кабарлады. Парижден Каирге бараткан учактын кыйроосунда 66 киши набыт болгон эле.
Учак 3 миң метр тереңде жатканын аныктаган издөө-куткаруу тобу учактын аз гана сыныктарын жана бөлүктөрүн тапкан. Учактын кыйроосунун себеби белгисиз бойдон калууда. Египет бийлиги техникалык себеп эмес, теракт болуш мүмкүндүгүн көбүрөөк айтууда. Азыркы кезде тереңде жаткан учактын "кара кутусунан" сигнал келип жатат. Ал 24-июнга чейин уланары маалымдалды. (AiT)