Легендарлуу боксчу Мухаммед Али менен коштошуу зыйнатына 14 миңден ашуун адам келди. Акыркы сапарга узатуу иш-чарасы АКШдагы Кентукки штатынын Луисвилл спорт аренасында 9-июнда болду. Коштошуу жөрөлгөсүнө дүйнөнүн бир канча мамлекеттеринен келген мусулмандар катышты.
Аталган спорт сарайында 1960-жылы Мухаммед Али профессионалдык бокстагы биринчи жеңишине жетишкен.
Мушкер 3-июнь күнү 74 жашында жарык менен коштошкон. Сөөгү бүгүн жерге берилет.