Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

Нике мыйзамын колдогон акцияга уруксат берилген жок


Бүгүн жарандык активисттер Жогорку Кеңештин алдында “Бактылуу балалыкты белек кылгыла” деп аталган акция өткөрүшмөк. Алар жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салуу боюнча мыйзамга каршы чыккан депутаттарга нааразылык билдирген флэш-моб уюштурууну көздөшкөн.

Бирок, КМШ мамлекеттердин өкмөт башчыларынын саммитине байланыштуу Бишкектин Биринчи Май райондук соту 10-июнга чейин митингдерге тыюу салынгандыктан, аны өткөрүүгө уруксат берилбеди.

Укук коргоочулар айрым депутаттар менен жолугушуп, жашы жетпей турмушка чыгып, кийинчерээк жаш баласы менен көчөдө калган аялдын тагдыры жазылган катты жана жаш балдардын тобун эл өкүлдөрүнө символикалык “белек” катары беришти. Муну менен жаш кыздардын бактылуу болушу депутаттардын чечиминен көз каранды экенин түшүндүрүүгө аракет жасалганын уюштуруучулар билдиришти.

Жашы жете элек кыздардын турмушка чыгышына жол бергендерди жоопко тартуу боюнча мыйзам өткөн аптада парламентте колдоо тапкан эмес. (NT)

XS
SM
MD
LG