Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Германиялык хирургдар балдарга акысыз операция жасоодо


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Бишкектеги улуттук эне жана баланы коргоо борборунда гидроцефалия дарты менен жабыркаган балдарга Германиянын Zuversicht für Kinder фонду акысыз операцияларды жасап жатат. Бул тууралуу аталган фонддон «Азаттыкка» кабарлашты.

Профессор Мажид Сами, Отто фон Герик университетинин нейроинформатика жана балдардын нейрохирургиясы институтунун директору, профессор Концесио де Рико жапон профессору Ойи Шидзуо баштаган ондон ашык дарыгер Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда операцияларды жасашууда.

Ошондой эле аталган борбордо жаңы нейрохирургиялык операция жасоочу бөлмөнү толугу менен Zuversicht für Kinder фонду каржылап берди. Гидроцефалия - баш мээде ашыкча суюктук болгон тубаса дарт. (BCh)

XS
SM
MD
LG