Казакстан Актөбөдөгү чабуулдан кийин коопсуздук чараларын жогорку деңгээлге чыгарды. Мындай чара экстремисттик диний агымдын мүчөлөрү деп шектелгендералты адамды өлтүрүп, эки тапанчаны ок-дарысы менен алып кеткенден кийин көрүлдү. Коопсуздук күчтөрү антитеррордук операция өткөрө баштады. Актөбө, Алматы, Актоо, Астана жана башка ири шаарларда курал сатуучу дүкөндөр жабылып, катуу кайтарууга алынды. Жергиликтүү маалымат каражаттары ал дүкөндөрдүн качан ачылышы белгисиз экенин кабарлады.
5-июнда Актөбөдө курал сатуучу эки дүкөнгө жана аскердик бөлүккө чабуул бир убакта жасалды. Биринде күзөтчү жана дүкөн кызматкери өлтүрүлүп, полициянын үч кызматкери жарадар болгон. Экинчи чабуулда дүкөндөгү кардарды атып салышкан. Коопсуздук күчтөрү келип кол салгандардын үчөөнү жок кылганын Ички иштер министрлиги кабарлады. Дагы бир топ автобус менен Улуттук гвардиянын дарбазасын сүзүп кирип, ал жердеги атышууда үч аскер, кол салгандардын бири окко учкан.
Ички иштер министрлигинин өкүлү Алмас Садубаев кол салгандардын төртөө өлтүрүлүп, жетөө кармалганын, бир тобу эркиндикте экенин билдирди. (AiT)