Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

Обама: Талиптер “жакынкы мезгилде” сүйлөшүүгө келиши күмөн


Барак Обама
Барак Обама

Америка президенти талиптердин ооган өкмөтү менен “жакынкы мезгилде” сүйлөшүүгө келиши күмөндүү деди 26-майда Жапонияда Чоң жетиликтин саммитинин кулуарында. 25-майда "Талибан" жаңы лидери деп Хейбатулла Ахунзаданы аташты. Ал АКШ дрону урган соккудан өлгөн Ахтар Мансурдун ордуна шайланды. “Мезгили келип, талиптер өлкөнү басып алууга мүмкүнчүлүгү жок экенин билип, сүйлөшүүгө келет деп үмүттөнөм. Бирок ал мезгил эрте келерине күмөнүм бар” деди Барак Обама. (AiT)

XS
SM
MD
LG