Биздин тарых
Кудаяр хандын чеби коргоого муктаж
XIX кылымда Коконду башкарып турган Кудаяр хандын Баткенге курдурган чебинин дубалдары урап, жыл өткөн сайын жок болуп кетүү коркунучунда. Жалпы 6 гектар жер аянтынын айланасын курчаган дубалдын бийиктиги 3 метрден, туурасы 1 метрден ашат. Кудаярхандын чеби тарыхый эстелик болгону менен ага эч кандай көңүл бурулбай, мамлекет тарабынан атайын корукка да алынган эмес.