Бул тууралуу Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди. Анын айтуусунда, президенттердин 26-апрелде көзмө-көз сүйлөшүүсүнөн кийин бир катар документтерге кол коюлат.
Ислам Каримов 25-апрелде Москвага иш сапар менен келген. Ошол эле күнү ал президент Путин менен бетме-бет жолугушуп, бирге түштөнгөн.
26-апрелде негизги сүйлөшүүлөр болуп, анда тараптар кызматташууларды өнүктүүрүнү, регионалдык жана эл аралык маселелерди талкуулары кабарланган. (AiT)