Кыргызстанда эл аралык Китеп жана автордук укук күнүнө карата уюштурулган иш-чаралар уланууда.
USAID, ЮНИСЕФ, Ага Хан фонду, АКШ элчилиги көмөк көрсөткөн бул акциянын максаты - жарандар арасында билимдин жана маданияттын булагы болгон китепке кызыгууну арттыруу.
Расмий изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, учурда ата-энелердин 10% гана кичине балдарына дайыма китеп окуп берет, 50% таптакыр окубайт. Ал эми 4-класстын окуучуларынын дээрлик 80% окуса да, тексттин маанисин түшүнбөйт.
Китеп күнүнө арналган жумалык алкагында мектептерде, китепканаларда атайын иш-чаралар уюштурулуп, белгилүү инсандар менен жолугушуулар өтүүдө, көргөзмөлөр ачылды.
ЮНЕСКО 23-апрелди Китеп күнү деп 1995-жылы жарыялаган.
Кыргызстандагы акция18-апрелде башталган. (RK)