Кыргызстанда жаңы түзүлгөн "Сөз эркиндигин коргоо комитети" деген бирикменин алгачкы жыйыны өттү. Жыйын соңунда билдирүү кабыл алынды.
Анда "Сөз жана жыйындар эркиндиги үчүн күрөшүү керек болууда. Өлкө коомдун саясий жоопкерчилигине муктаж. Ал үчүн бардык саясий жана коомдук күчтөр менен ачык диалог жүргүзүү зарыл" деп айтылат.
Билдирүүгө азырынча 16 адам кол койду. Алар: журналисттер Замира Сыдыкова, Нарын Айып, Азамат Тынаев, Сурат Жылкычиев, Элнура Кулуева, саясатчылар Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Суваналиев, Бегалы Наргозуев, жарандык активисттер Бурул Усманалиева, Адил Турдукулов жана башкалар.
Журналист Нарын Айыптын "Азаттыкка" айтымында:
- Акыркы кезде бийлик маалымат каражаттарына, өзгөчө телевидениеге үстөмдүк кыла баштады. Бир да телеканал ачык, толук маалымат бере албай калды. Анткени кайсы окуяны кантип чагылдырууну Ак үй чечет. Көз каранды эмес каналдар да коркуп турат. Биз Түркмөнстан же Өзбекстан менен өзүбүздү салыштырып, кыйынбыз, ачыкпыз деген мезгил өттү. Биз ошол эле СССРге мүчө болуп жүргөн Эстония, Латвия менен салыштырып, алдыга жылышыбыз керек.
Былтыр жыл соңунда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов "Президент тайманбас жана чынчыл журналисттерди ар дайым колдоп келген жана колдоп жатат. Ал журналисттерди бир гана абийирге чакырып келет" деген. (RK)