Гаага аймактык соту ЮКОСтун мурдагы акционерлерине Орусияны 50 млрд доллар төлөтүүгө милдеттендирген арбитраж сотунун чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу Bloomberg кабарлады.
Бирок мурдагы акционерлер Гаага апелляциялык сотуна, ал болбосо Голландиядагы Жогорку Сотко кайрылмай болушууда.
Орусияны миллиарддаган доллар компенсация төлөөгө милдеттендирген Гааганын арбитраждык сотунун чечими 2014-жылы чыккан. Адам укуктары боюнча Европа соту да Орусияны 2 млрд евро төлөөгө буйруган.
Орусия бардык өкүмдөрдү таануудан баш тартып, ЮКОСтун иши Гаага арбитражынын юрисдикциясына кирбей турганын билдирип келген. Бул арада мурдагы акционерлер акчаны мажбурлап төлөө процедурасын баштап, бир катар өлкөлөрдүн сотторуна андагы орусиялык мүлктөрдү камакка алуу өтүнүчү менен кайрылышкан.