18-22-апрелде аба ырайы бузулат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында бул күндөрү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолорго кар түшөт.
18-19-апрель күндөрү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун айрым райондорунда катуу жаан жаайт. Абанын температурасы 10-12° чейин төмөндөйт.
Бул убакыт аралыгында көнөктөп жааган жамгыр сел коркунучун пайда кылат. Мындан улам арыктарды иретке келтирүү сунушталууда. (AzK)