Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:33

Салык кызматы: чек арада товардын баасын төмөндөткөн миңден ашык учур катталды


Мамлекеттик салык кызматы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарлардын баасын төмөндөтүү менен ташып киргизилген 1100дөн ашык фактыны аныктады.

Аталган кызматтын маалымат бөлүмү документтерде төмөндөтүлгөн бааны көрсөтүү менен Кыргызстанга алып келинген негизги товарлардын катарында кумшекер, ун, күрүч, акшак, балык жана май басымдуу экенин маалымдады. Айрым ишкерлер 1 кг ундун баасын 2 сом, кумшекерди 5 сом деп көрсөткөн. Кээ биринде товардын баасы такыр эле жазылган эмес.

ЕАЭБдин алкагында Кыргызстанга киргизилген товарлардын баасына жараша ишкерлер 12 пайыздык нарк салыгын төлөшү шарт. Өкмөт буга чейин ишкерлер салыктан качуу максатында товарлардын баасын атайын төмөндөтүп Кыргызстанга алып келип жатканын билдирип, буга чара көрүү үчүн Салык кодексине өзгөртүү киргизүү зарылдыгын айткан. (SDz)

XS
SM
MD
LG