Былтыр Нарын облусунун Жумгал районуна дыйкандар биринчи жолу 28 гектар аянтка гречка айдашкан. Андан алынган 48 тоннага чукул түшүм бүгүнкү күнгө чейин сатылбай, дыйкандардын кампасында турат. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн айыл чарба адиси Табылды Жумагулов билдирди.
- Облустун жаратылыш шартына ылайык айдалган гречкадан өтө жакшы түшүм албасак да ортодон жогору болгон. Бирок гречканы тазалоочу техниканын жоктугунан дыйкандар сатыкка чыгара албай жатат. Гречканын баасынын төмөндүгү да буга себеп болуп жатат.
2014-жылы нарындык дыйкандар сынамакка 72 гектарга төө бурчак айдашкан. Бирок анын да баасы чыкпай 40 тонна төө бурчак ушул убакка чейин дыйкандардын колунда. (MiK)