Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

Бишкек шаарында жүзгө чукул объектиге камера орнотулган


Бишкекте жүзгө чукул объектиде тогуз миңден ашык видео камера бар. Ал эми Ош шаарында он алты объектиге жетимиш үч камера орнотулган. Бул тууралуу 1-апрелдеги парлемент комитети өткөргөн жыйында, Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди. “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” мыйзамына ылайык Бишкек шаарында 7 миӊ 900 объектиге 24 миӊ камера, Ош шаарына болсо жүзгө жакын объектиде үч-төрттөн камера орнотулушу керек.

Кылмыштуулуктун алдын алуу, бөгөт коюу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” мыйзамы 2015-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, коомчулукка жеткиликтүү болгон ачык жайлар (аянттар, базарлар, сейил бактар, гүлбакчалар, автожолдор жана башка), өнөр жайлык жана башка өндүрүштүк иш же башка ишкердик жүзөгө ашырылган имараттарды, курулуштарды, ошондой эле автоунаалар токтотулуучу жайларды, кооперативдик гараждарды сырткы видеобайкоо тутуму менен жабдуу ченеми киргизилет. (TSh)

XS
SM
MD
LG