Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Мушкер Эркин Адылбек уулу Олимп оюндарына жолдомо алды


Эркин Адылбек уулу Дүйшөнкул Шопоков атындагы бокс боюнча эл аралык мелдеште. 3-февраль, 2016-ж. Бишкек.
Эркин Адылбек уулу Дүйшөнкул Шопоков атындагы бокс боюнча эл аралык мелдеште. 3-февраль, 2016-ж. Бишкек.

Кыргызстандык мушкер Эркин Адылбек уулу Рио-де-Жанейродо өтчү Олимп оюндарына жолдомо алды.

Бул тууралууу "Азаттыкка" жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин спорт, массалык иштери боюнча улук адиси Марат Кожоматов билдирди.

Анын айтуусунда, 1-апрелде Кытайдын Цяньань шаарында Азия жана Океания чөлкөмдөрүнүн боксчулары үчүн Олимп оюндарына кезектеги жолдомолор ойнотулду. 81 килограммга чейинки салмакта Эркин Адылбек уулу үчүнчү орун үчүн таймашта түркмөнстандык Азизбек Ачиловду 2:1 эсебинде жеңип алган.

Бүгүн 52 килограммга чейинки салмакта үчүнчү орун үчүн беттеште кыргызстандык Азат Үсөналиев казакстандык Олжас Саттибаевге жеңилип Олимп оюндарына жолдомодон кур калды. Эртең 64 килограммга чейинки салмакта дагы бир кыргыз мушкери Эрмек Сакенов үчүнчү орун үчүн рингге чыгат.

Кытайдын Цяньань шаарында Азия жана Океания чөлкөмдөрүнүн спортчулары үчүн болуп жаткан мелдеште ар бир салмакта үчтөн жолдомо Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндарына берилет.

Учурда Рио-де-Жанейродо өтчү Олимп оюндарына Кыргызстандын эсебине тогуз жолдомо чогулду. Буга чейин жеңил атлетчилер үч, эркин жана грек-рим күрөшүнүн балбандары беш жолдомону алышкан.

XS
SM
MD
LG