2-марттан 24-мартка чейин Москвада кыргызстандыктар жашаган батирлерге кирип, тапанча менен коркутуп, карактап жүргөн деген шек менен эки жаран камакка алынды. Маалыматты ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгү “Азаттыкка” тастыктап, оперативдүү видео менен бөлүштү.