Кыргызстанда мамлекеттен жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны азаюуда. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты. Былтыркыга караганда мындай жарандардын саны 2% кыскарды.
Мекеменин маалыматына караганда, бул бөлүнгөн акчанын чынында муктаж болгондорго гана берүү иши жакшырганына байланыштуу болууда.
Ал эми жөлөкпулдун өлчөмү аныктала турган сумма 15% жогорулады.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 300 миңден ашуун адам жөлөкпул алат. Бул үчүн өкмөт жыл башынан бери 510 миллион сом бөлдү. (RK)