Кулаган бак бир адамдын өмүрүн алды
Милициядан "Азаттыкка" кабарлашкандай, кырсык 27-мартта болжол менен кечки саат жетилерде болгон. Чүй жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде бак кулап, токтоп турган бир унааны жана жолдо жүрүп бараткан унааны басып калган. Анын айдоочусу ошол жерден көз жумган. Бишкек шаар мэриясынын көзөмөлү менен калаадагы бактарды изилдөө үчүн атайын комиссия түзүлдү. ӨКМ, мэриядан, Айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынан жана Экотехинспекциядан өкүлдөр кирген бул комиссия бактардын жашын, абалын изилдөөгө алат. Куураган, тамыры жакшы кармабай калган бактар кыйылат.