Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынан маалымдашкандай, 28-мартта түркиялык жарандын уурдалган унаасына тиешеси бар кызматкер –Э.К. иштен алынды. Ал эми анын жетекчилерине сөгүш жарыяланды.
Мурдараак кабарлангандай, Түркиянын жараны Эрхан Катаналп өзүнүн уурдалып кеткен автоунаасын маңзаттарды көзөмөлдөө кызматынын өкүлү башка номер менен айдап жүргөнүнө даттанып, Акыйкатчыга кайрылган. Маалыматтарга ылайык, түрк жараны 2015-жылы КGFH 2212 мамлекеттик номерлүү «Мерседес Бенц Е-240» автоунаасын уурдатып жиберген.
Үстүбүздөгү жылдын 12-мартында ал өз унаасын Токтогул көчөсүндө маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын имаратынын алдындаТ4086D мамлекеттик номери менен турганын көрөт. Милиция иликтөө иштерин жүргүзгөн учурда автоунаанын кузовундагы номуру менен Эрхан Катаналптын атына жазылган техникалык паспорттогу номуру дал келген. Учурда милиция уурдалган автоунаа маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын оперативдүү кызматкерлеринин колуна кантип түшүп калганын иликтөөдө.(ZKo)