Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Баткенде балдардын “Достук” эл аралык фестивалы өттү


“Достук” эл аралык фестивалына Тажикстандын Согди облусунан келген балдар да катышты. Фестивалдын жүрүшүндө Тажикстандын Хотжент шаарынан “Хунар” салттык музыка тобу, Кыргызстандын “Устат шакирт” борборунун балдар ансамбли, “Манас” президенттик камералык оркестринин кыл аспаптар квартети, белгилүү опера ырчылары катышып, музыкалык программаларын тартуулашты.

Иш-чарага «Ага Хан» фондунун Кыргызстандагы өкүлү Шамша Кассим-Лакха, Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Рэне Холленштайн жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Иш-чара өткөн жылы Тажикстандын Согди облусу менен Баткен облус жетекчилери кол коюп, бекиткен кызматташуунун төрт жылдык меморандумунун алкагында уюштурулду.(JsA)

XS
SM
MD
LG