Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:02

Сирия армиясы Пальмираны кайра колуна алды


Сириянын өкмөттүк күчтөрү
Сириянын өкмөттүк күчтөрү

Сириянын өкмөттүк күчтөрү Орусиянын аскердик аба күчтөрүнүн колдоосу менен тарыхый Пальмира шаарын "Ислам мамлекети" деп аталган террордук уюмдан бошотушту.

Сирия армиясынын офицери шаар бошотулуп, коопсуздук орнотулганын маалымдады:

- Коопсуздук жана туруктуулук Пальмира шаарына кайрылып келди. Армия шаардын айланасындагы бийиктиктерди көзөмөлүнө алды. Көптөгөн террорчулар өлтүрүлдү, жабдуулары талкаланды.

Сирия президенти Башар Асад Пальмираны колго алууну террорго каршы күрөштө армиянын “өзгөчө жетишкендиги” катары баалады. Сирия жана Иракта халифат түзүлгөнүн 2014-жылы жарыялаган "Ислам мамлекети" террордук тобунун Пальмирадан чегинүүсү анын эң ири жоготуусу болуп калды. Асаддын аскерлери өткөн жылы май айында жоготкон шаарды үч жумага созулган камалоо жана чабуулдан кийин кайра колуна алышты. Франция парламенттик делегациясын кабыл алып жатып Сирия президенти Башар Асад тарыхый Пальмираны бошотуу Сирия жана анын союздаштарынын террорго каршы күрөштөгү стратегиясынын ийгилиги деп атады.(AiT)

XS
SM
MD
LG