Аймактык кабарчыбыздын маалыматына караганда, Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы №40 90 шайлоо участогунда 34 киши өзүн тизмеден таппай калды. Мамлекетик каттоо кызматынын системасы аркылуу өзүн издеген жарандардын айрымдары өздөрүн Алайдын Дароот-Коргон айылындагы шайлоо участогуна катталып калганын билишти. Аталган участокко 1927 шайлоочу катталса, ушул тапта анын ичинен 640 шайлоочу добушу берди.
Ак-Талаа району боюнча шайлоо тизмесинде 9 миңден ашык добуш берүүчү бар. (AzK)