Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:00

Кадыров Чеченстан жетекчисинин милдетин аткарууга дайындалды


Рамзан Кадыров.
Рамзан Кадыров.

Орусия президенти Владимир Путин бүгүн Рамзан Кадыровду Чеченстандын башчысынын милдетин аткаруучу кылып дайындады. Республика башчысын шайлоо быйыл сентябрда өтөт. Путин Кадыров ал шайлоого катышарына үмүт артканын орус маалымат каражаттары кабарлады.

2007-жылдан бери Чеченстанды жетектеп келген Рамзан Кадыровдун бул кызматтагы мөөнөтү 5-апрелде соңуна чыгат. Буга чейин анын бул кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирген жайы бар. Президент Путин быйыл январдын соңунда Кадыровдун ишмердигин "натыйжалуу" деп баалаган. Кадыров өзү Путиндин "ишенимдүү жоокери" экенин бир канча ирет билдирген.

23-февралда оппозициялык саясатчы Илья Яшин Кадыровдун ишмердигин сындаган баяндама жарыялап, аны "улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет" деп ырастаган. Яшин бул баяндаманын негизги максаты -коомчулуктун көңүлүн буруу жана Кадыровду кызматтан кетирүүгө жетишүү экенин маалымдаган.

XS
SM
MD
LG