Өзбекстан Ала-Буканын Көк-Таш деген айылынын жанындагы тактала элек жерге БТРлерин алып келди деген маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Чек ара кызматынын башчысы Раимберди Дүйшөмбиев кабарлады:
- Эч кандай БТР келген жок. Ал чек ара толугу менен көзөмөлдө. Чек ара наряддары кайтарууда.
Бүгүн Көк-Серек айылынын жанында, "Казахмыс" компаниясы кен казып жаткан жакта өзбек тараптын аскердик техникасы пайда болгону тууралуу кабар тараган.
Бул маалымат чындыкка дал келбесин "Азаттыкка" Көк-Таш айылдык кеңешинин депутаттары да билдирди. (RK)