Нарын: малдын тарпы да таштандыда
Нарын шаарында малдын тарпын таштандыга ыргытуу жергиликтүүлөр үчүн көнүмүш адат. Ар бир таштанды салынган челектен күн сайын кой, эчки, жада калса ит-мышыктын да өлүктөрүн көрүүгө болот. Ал эми ошол таштандыларды ташыган жумушчулардын саламаттыгына атайылап кам көрүү чаралары байкала элек. Нарындан кабарчыбыз Мирлан Кадыровдун баянын угалы.