Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Текебаев: Убактылуу өкмөт тушунда чек ара маселеси талкууланган эмес


Чек ара.
Чек ара.

Убактылуу өкмөт иштеп турган учурда Кыргызстанда чек ара маселелери талкууланган эмес. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" "Ата Мекен" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештеги фракция жетекчиси Өмүрбек Текебаев билдирди.

Буга чейин укук коргоочу, мурдагы акыйкатчы, Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча конгресстин жетекчиси Турсунбек Акун кыргыз-өзбек чек арасындагы Сары-Булак айылын Убактылуу өкмөт өзбек тарапка өткөрүп бергени тууралуу маалыматы бар экенин айткан болчу.

2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда бийлик алмашып, өлкөнү Убактылуу өкмөт башкарып турган. Өмүрбек Текебаев өкмөт башчынын конституциялык реформа маселелери боюнча орун басары болгон.

Өткөн аптада өзбек чек арачылары Аксы тараптагы чек аранын тактала элек тилкесине кирип алды. Кыргызстандын бул боюнча нааразылык нотасына расмий Ташкен азырынча жооп бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG