Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Азиялык лицензиялык мелдеште Айаал Лазарев коло байге үчүн күрөшөт


Эркин күрөш балбаны Айаал Лазарев
Эркин күрөш балбаны Айаал Лазарев

Ушул күндөрү Астанада өтүп жаткан Азиялык лицензиялык мелдеште кыргызстандык эркин күрөш балбаны Айаал Лазарев коло байге үчүн күрөшөт. Бул тууралуу Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун (UWW) расмий сайтында маалымдалган. 125 килограмм салмакка чейинкилер арасында күч сынашкан Лазарев өзбекстандык Хасанбой Рахимовду 10:0, индиялык Хайтендер аттуу балбанды 5:0 эсебинде таза жеңип жарым финалга чыккан. Финалга чыгуу үчүн беттеште казакстандык Даулет Шабанбайга 10:8 эсебинде утулуп, жайкы олимпиадага жолдомо ала албай калды. Финалга чыккан балбандарга олимпиадага лицензия берилет. Алдыда коло байге үчүн тажикстандык Фарход Анакулов менен күч сынашат. Бул күнү эркин күрөштөн 86 килограммга чейинки салмакта дагы бир кыргызстандык Алигаджи Гамидгаджиев килемге чыгып, коло байге үчүн күрөшүүгө жол ачкан жооткотуучу беттеште түштүк кореялык балбанга жеңилип калды. Бул күнү грек-рим күрөшүнөн 66 килограммга чейинки салмакта Руслан Царев жана 98 килограммга чейинки салмакта Үзүр Жусупбеков чейрек финалда атаандаштарына утулуп мелдештен четтешти.

18-мартта Астанада башталган спорттук күрөш боюнча Азиялык лицензиялык мелдеш бүгүн аяктайт. Бул турнирде грем-рим күрөшүнөн Жанарбек Кенжеев, Мурат Рамонов, эркин күрөштөн Магомед Мусаев жана Айсулуу Тыныбекова олимпиадага катышууга лицензия алышты. Эркин күрөштөн Ильгиз Жакыпбеков, Самат Надырбек уулу, грек-рим күрөшүнөн Азис Атабеков коло медаль тагынышты. Учурда Кыргызстандын эсебинде олимпиадага сегиз жолдомо бар. Буга чейин жеңил атлетчилер Дарья Маслова, Мария Карабицкая, Юлия Андреева жана грек-рим күрөшчүсү Арсен Эралиев быйыл жайында рио-де-Жанейродо боло турган Олимп оюндарына жолдомо алышкан. (ECh)

XS
SM
MD
LG