Каракол шаардык маданият маалымат жана туризм бөлүмүнүн башчысы Алик Асановдун айтымында, аталган каражаттын ичинен маданият тармагына 60 миң сом жумшалат. Ага улуттук тарыхый буюмдар көргөзмөсүнө сынак өтүп, сахна даярдалып, сүмөлөк бышырылып, маданий иш-чаралар өткөрүлөт. Быйыл сегиз боз үй тигилет. Биринде улуттук тамак-аш коюлат. Калгандары элге майрам тартуулоого эркин боз үй болот. Учурда борбордук аянт тазаланып, даярдоо иштери жүрүүдө.(AsM)