Орусиянын энергетика министри Александр Новак бүгүн, 14-мартта Тегеранда Ирандын мунай министри Бижан Зангане менен жолугат.
Анда мунай өндүрүү көлөмүн жогорулатпоо тууралуу Орусия - Сауд Арабия келишими талкууланмакчы.
Мурунку күнү эле Зангане Иран кара май казууну марттын аягына карай суткасына 2 млн баррелге чейин чыгарарын айтып, "башка мунай өлкөлөрү бизди жайыбызга койсун" деген эле.
Январда батыштын санкциялары алынгандан тарта Иран мунай бургулоону кескин көбөйткөн. Жакынкы айларда аны суткасына 4 млн баррелге чыгарууну көздөөдө.
Ал эми баанын кескин түшүп кетишинен улам ири экономикалык чыгымга учураган Орусия мунай казууну ушул жылдын январь айындагы деңгээлге түшүрүүгө чакырып келет.