Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:47

Акмуздук үй-бүлөнүн оор тагдыры


Акмуздук үй-бүлөнүн оор тагдыры
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тургуну Айнура Эсеналиеванын алты баласынын биринин көзү начар көрөт, экинчиси жакшы баса албайт. Ал эми 2-класста окуган кызынын тили так чыга элек. Балдардын улуусу 6-класста окуса, кичүүсү алты айлык. Айнуранын жолдошу Байжан буга чейин жол тейлөө ишканасында иштеп жүрүп кырсыктап, кийин башына кан уюп калган. Ошондон бери 2-топтогу майып. Алар жашаган үй өкмөткө караштуу болгондуктан жазында бошотуп бергиле деп эскертилген. Учурда жашоосу тартыш үй бүлө эми кайда барып баш калкалоону билбей убайым тартууда. P.S Айрым окурмандарыбыз сурагандыктан Айнура Эсеналиеванын жолдошу Байжандын телефон номерин ( +669 707 09 70 65, +996 707 09 76 35) жазып коюуну туура көрдүк. Ал эми "Азаттыктын" Нарындагы кабарчысы Мирлан Кадыровдун телефон номери +996 550 503 555. Кабарчыбыз бул үй-бүлө менен байланышууга жардам берет.

XS
SM
MD
LG