Бул тууралуу “Реформа жана натыйжа үчүн” жарандык бирикмеси даярдаган эл аралык иликтөөдө айтылат. Иликтөөдө сурамжылоого катышкандар милицияга ишенбегендиктен аларга кайрылбаганын айтышкан. Ошондой эле анда милиция тарабынан иликтенген иштин натыйжасына канааттангандардын саны өтө эле аздыгы белгиленген.
Ошол эле учурда респонденттердин көпчүлүгү сотторго караганда милицияга ишенсе болорун да айтышкан.
Сурамжылоого катышкандардын көрсөтүүсү боюнча, акыркы беш жылдан бери Кыргызстанда кылмыштуулук деңгээли өскөн.
Иликтөөнүн корутундусуна ылайык, мындай көрсөткүчтөр бийлик менен элдин мамилеси жакшы эместигинен кабар берет. Милиция элге ар кандай кылмыштар тууралуу маалымат берүү зарылчылыгын түшүндүрүүгө тийиш деп айтылат иликтөөнүн жыйынтыгында.
“Реформа жана натыйжа үчүн” жарандык бирикмеси жүргүзгөн сурамжылоого 3,5 миң кыргызстандык катышкан.(ZKo)