Бүгүн Британия баш калаасы Лондондо кыргызстандыктарды бириктирген форум өтөт. Аны Лондондо иштеп жүргөн кыргыз жарандары өткөрүүдө.
Уюштуруучулардын “Азаттыкка” айтымында, мекендештер британ коомуна кантип интеграцияланып жатканын талкуулашмакчы. Чогулгандар ушул жаатта тажрыйба бөлүшүп, келечектеги максаттар тууралуу ой бөлүшөт. Британ жергесинде мындай форум биринчи жолу өтүүдө.
Расмий маалыматтарга караганда, Британияда 200дөй кыргызстандык жашайт. Бирок алардын бейрасмий саны андан бир топ көп экени айтылат. (КE)