Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:21

Иранда шайлоодогу добуштар саналууда


Тегерандагы добуш берүү
Тегерандагы добуш берүү

Иранда 26-февралда өткөн шайлоонун добуштары санала баштады. Кечээ ирандыктар өлкө парламенти - Межлистин депутаттарын жана жалаң диниятчылардан турган Эксперттер ассамблеясынын мүчөлөрүн шайлады. Ага шайлоочулар активдүү катышканы айтылууда.

Бул шайлоодо негизги күрөш бир тараптан эскичилдер менен катаал турумду кармангандар, экинчи жактан байистүүлөр менен реформачылар ортосундагы башкача айтканда, президент Хасан Раухани менен Али Хаменеинин ортосунда жүрдү. Бул өлкөнүн болочок багытын аныктай алуучу окуя катары да сыпатталууда. Шайлоонун алгачкы расмий жыйынтыгы эртең, 28-февралда белгилүү болушу мүмкүн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG