Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:05

Нарын: Былтыр эхинококкоз оорусун жуктурган 125 кишиге операция жасалган


Алардын ичинен 25 киши Ат-Башы районунан. Бул маалыматты облустук ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын башчысы Жалил Алымкулов облус башчысынын Ат-Башы районунун эли менен жолугушуу учурунда билдирди.

Алымкулов жугуштуу ооруларды алдын алуу үчүн малды толук каттатып, бодо мал жана башка үй жаныбарларын вакцинация жүргүзүү зарыл экендигин айылдыктарга эскертип, быйыл жугуштуу оорулардын 7 түрүнө мамлекет өз убагында 100% вакцина менен камсыз кыларын белгиледи.

Облустук ветеринардык башкармалык тарабынан туберкулин жоктугуна байланыштуу өткөн жылы малдар эмдөөдөн өткөрүлгөн эмес. Малдарга тиешелүү эмдөөлөр жүргүзүлбөгөндүктөн, малдан адамга жугуучу оорулар да көбөйгөн. Ал эми Нарын облусу боюнча эхинококкоз, альвеококкоз оорусунан акыркы эки жылда 11 адам көз жумган. (MiK)

XS
SM
MD
LG