Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:17

Миграция маселеси видеобайланыш аркылуу талкууланат


Орусиядагы кыргыз мигранттары.
Орусиядагы кыргыз мигранттары.

25-февралда саат 16:00дө Бишкекте Кыргызстан менен Орусиянын миграцияга тиешелүү өкүлдөрү кризис шартында ЕАЭБ аймагында миграцияны жөнгө салуу жолдорун талкуулашат. Талкууга кыргыз тараптан миграция кызматынын төрагасы Бакытбек Адылов, ЖК депутаттары Садык Шернияз, Марат Аманкулов жана “Замандаш” ассоциациясынын мүчөлөрү катышат. Ал эми Орусия тараптан федералдык миграция кызматынын Москва боюнча өкүлү Юрий Московский, кесиптик кошуун төрагасы Жами Ашуров, “Этникалык саясий-маданий борбордун” башчысы Дарья Сытенкова видеобайланыш аркылуу катышат. Ошондой эле видеобайланышка Москвадан Кыргызстандын экономика министрлигинин өкүлү Улан Мамытов жана Москвадагы кыргыздардын өкүлдөрү да катышып, ой-пикирлери менен бөлүшөт.

Талкууда тараптар кыргызстандык мигранттардын экстремисстик жана террордук максаттар үчүн азгырылуусунун алдын алуу жөнүндө да сүйлөшөт.

Айрым маалымат каражаттары кыргызстандык мигранттар Орусияда жүрүп, Сирияда, Иракта болуп жаткан согушка тартылып кетип жатканын кабарлашкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG