Алардын тең жарымынын үй-жайы жок. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынын башчысы Замирбек Осмонов парламентте сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Ал өзүнүн айлык акысы тууралуу маалымат берген жок, ал эми орун басарынын айлык маянасы 19,5 миң сом.
Анткен менен салык кызматкерлеринин көбү башка бирөөлөрдүн атына катталган кымбатбаа унаа минишет, келишкен үйлөрдө жашашат.
Бүгүн парламент “Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселесин карады.
Кыргызстанда бир айлык жашоо-тиричилик минимуму 6,5 миң сом.(ZKo)