Кытайда маңзат сатууга айыпталып, өлүм жазасына тартылган кыргызстандык Светлана Кулбаеванын сөөгү Бишкекке алып келинип, 20-февралда уулуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маркумду алып келүүгө өкмөт колдоо көрсөттү.
Чүй облусунун тургуну Светлана Кулбаева 2010-жылы Кытайда 7 килограммдан ашуун маңзат менен кармалган. Ага өлүм жазасы өкүм кылынып, быйыл 4-февралда аткарылган. (SE)