Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:48

Лондон Бакиевдин күнөөсүнө анык далилдер сунушталса гана аны өткөрүп берет


Максим Бакиев
Максим Бакиев

Лондон Максим Бакиевдин күнөөсүнө анык далилдер сунушталганда гана аны Кыргызстанга өткөрүп берет. Бул тууралуу Британиянын эл аралык өнүгүү министри Десмонд Свейн 19-февралда Бишкекте журналисттер менен жолугушкан учурда айтты:

- Бул маселе саясий өңүттө эмес. Муну сот гана чечиши керек. Эгер Кыргызстан Максим Бакиевдин күнөөсүн далилдеген анык фактыларды сунуштаса, аны Лондон өткөрүп берет,- деди ал. Бирок кыргыз тарап бул үчүн кандай далилдерди сунуштаганын билбей турганын белгиледи.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев жемкорлук, мамлекеттик каржысын сол чөнтөккө кымыруу сыяктуу айыптоолор менен Кыргызстанда сыртынан кесилген. Ал азыр Лондондон башпаанек тапканы белгилүү.

Британия өкмөтүнүн өкүлү Десмонд Свейн Кыргызстанда иш сапар менен 18-19-февраль күндөрү болду.

XS
SM
MD
LG